DOLON MEDIA

Айрым интернет провайдерлерде TikTok платформасы ачылбай калды

Кыргызстанда айрым интернет провайдерлерде TikTok платформасы ачылбай же үзгүлтүккө учурап жатат. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазышууда. Кээ бир интернет провайдерлерде TikTok иштеп жатат. Андан тышкары VPN менен да ачылууда. Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы 17-апрелде өлкөнүн интернет-провайдерлерине TikTok’ту бөгөттөө боюнча кат жөнөткөн. Аталган мекемеге бул платформаны жабуу боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кат жолдогон. Анда кыргыз сегментинде айрыкча балдар үчүн контенттерге көзөмөл болбой жатканы айтылган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.