DOLON MEDIA

Шайлоодогу добуш сатып алууга каршы атайын тартип иштелип чыкты

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоодогу добуш сатып алууларга каршы алгоритм иштелип чыкканын билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинин 22-октябрдагы жыйынында билдирди. БШК төрайымынын айтымында, алгач добуш сатып алууга партиянын тизмесиндеги талапкердин жеке катыштыгы аныкталса, ал тизмеден чыгарылат, эгер анын уюштуруу иштерине партия кийгилишсе, шайлоого катышуудан четтетилет. “Добуш сатып алуунун мүнөзүн аныктап, карап чыгышыбыз керек. Эгер партиядан көрсөтүлгөн талапкер добуш сатып алуу менен кармалып, муну жеке өзү уюштурса, ал четтетилиши керек. Эгер борбордук, катчылык тарабынан, системалуу түрдө жүргүзүлсө, анда партия дагы жоопкерчиликке тартылууга тийиш”, – деди ал. Шайлдабекова добуш сатып алуу же башка мыйзам бузуулар үчүн шайлоо үзгүлтүккө учурап же жыйынтыгы жокко чыгарылган учурда күнөөлүү адамдын материалдык жоопкерчилигин да кароо зарылдыгын белгиледи. Ал 2021-жылы шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүдөн кийин беш партия квотага ылайык түзүлгөн тизмеден аялдарды чыгарганын мисал келтирди.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.