Нарын шаарында жыл мыктыларын аныктаган “Мыктылар-2024” сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөрүнө 300 миң сомдук байге берилди.
Алты номинация боюнча жарыяланган “Мыктылар-2024” кароо-сынагында жалпы 28 жеңүучүгө байгелер тапшырылды.
Сынактын жалпы байге фонду 300 миң сомду түзүп, каражат жергиликтүү бюджеттен каралган. Анын ичинен 118 миң 600 сомуна мыкты мектеп менен мыкты бала бакчага компьютер принтери менен алынган. Калган жеңүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар берилди.