Мамлекеттик салык кызматынын жаңы дайындалган жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 23-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинде депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып кайым айтыша кетти.
Жыйында Шыкмаматов буга чейин өкмөт киргизген “электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы (ЭТТК) товардын бардык түрүнө эмес, беш гана товарга киргизилиши керек” деген пикирин билдирди. Ал “Кыргызстанда сатылып жаткан товардын саны 23 миндей экенин белгилеп, анын баарына ЭТТК алууга мүмкүн эмес” деген жүйө келтирди.
Депутат Элвира Сурабалдиева “мындай демилгени Алмамбет Шыкмаматов кызматка жаңы дайындалган соң айтып жатса, демек президент менен макулдашылган” деп түшүнүп жатканын белгилеп, муну кубаттай турганын кеп кылды.
Мындан соң Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев сөз алып, Шыкмаматовдун электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз тууралуу сөзү анын жеке пикири экенин, ал дагы талкууланышы керектигин айтты.
“Бул маселе дагы талкууланат. Адылбек Касымалиев өз программасы менен парламентке келгенде ишкерлер арасында ЭТТКны толтуруу жана жеке кабинетке кирүү көйгөйлүү маселе экенин айткан. Дал ушул эки маселени Алмамбет Насырканович кийинки жылдын биринчи кварталында чечиши керек. ЭТТК жок баары бир болбойт. Буга чейин Улугбек Зулпукарович ишкерлер ККМ же патент менен иштешине шарт түзүлсө деген сунуш айтып кетти. Бирок бул жерде андай иш жүрбөйт. Анткени, патент менен болгон күндө да ККМ керек. Ошондуктан, ККМ деген эмне, ЭТТК деген эмне экенин, маселени түшүнүп анан айтыш керек. Биздин саясат – ККМден кетпейбиз, ЭТТКны токтотпойбуз”, – деди Амангелдиев.
булак: https://www.azattyk.org/