DOLON MEDIA

Быйыл шаардын өнүгүүсүнө кимдер салым кошту?

Жыл башынан бери Нарын шаарына жеке ишкерлер тарабынан 2 миллион сомдун тегерегинде каржылык колдоо көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэри  Канболот Тутуев билдирип,  калаанын өнүгүүсүнө салым кошкондорго ыраазычылык айтты.

Анын айтуусунда,  25 жеке ишкер  тарабынан 2 миллион сомго жакын колдоо көрсөтүлүп, алар берген каражат шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу долбоорлоруна жумшалды.

Бүгүн, 24-декабрда жыл мыктыларын аныктаган салтанатта калаа башчы аларга ыраазычылык билдирип, келерки жылы дагы кызматташууга даяр экенин билдирди.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.