DOLON MEDIA

Сары майды экспортко чыгарууда көйгөй бар


С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин базасындагы  JICA уюмунун колдоосу менен  ачылган лабораторияда сары май даярдалууда.  Атайын таңгактарга куюлуп сапаты толук стандартка жооп берген бул азыкка суроо-талап жогору.

НМУнун айыл чарба азыктарын өндүрүү боюнча технологу Искра Акылбекованын айтуусунда, JICA уюмунун “Бир айыл-бир продукт” долбоорунун экспертине  сары майдын уникалдуулугу тууралуу маалымат берилип, аны менен биргеликте толук изилденип, сапаты толук стандартка жооп бергендиктен, таза жана накта азык катары  өткөн жылдын жай айында Нарындын бренд статусун  алган. Андан соң декабрь айларында Кыргызстан боюнча бренд азыктардын  эл аралык улуттук сынагы өтүп, андан 23 азыкка Улуттук бренд макамы ыйгарылып, сертификат берилген. Анын ичинде Нарында өндүрүлүп жаткан сары май бар.

“Өткөн жылы айына 9-10 килограммга чейин, берилген буюртмага жараша даярдап берип жаттык. Бир таңгак 170 граммды түзөт. Учурда “Бир айыл-бир продукт” долбоорунун  Бишкек шаарындагы дүкөнүндө, “Нават” чайханасында жана “Манас” эл аралык аба майданында сатылып жатат. Бирок көлөм аз болгондуктан  экспортко чыгарууда көйгөй бар. Биз өзүбүздү-өзүбүз камсыздай албайбыз. Ошентсе дагы азыр суроо-талап  жогору. Биздин улуттук-каада салтыбызга тууралап, көлөмү кичирээк идиш менен жентек тойлор үчүн даярдап бергиле деген жакшы сунуштар келүүдө. Бул сунуштарды эске алып, күндүн ультрафиолет нурларын өткөзбөгөн ар кандай көлөмдөгү идишке чыгарууну ойлоп жатабыз. Сары майдын бир кили азыр  базарда 850 сом,  бирок сапаты күмөн санатып жаткандыктан көп киши базардан май албай, бизге буюртма  бергендер көп”,-деди И.Акылбекова.

Ошондой эле ал ушул жай айларында Ак-Сай, Арпа, Чар, Соң-Көл жайлоолорундагы фермерлерге уй саагандан баштап  сары май сызгырганга чейинки санитардык нормаларды сактоо боюнча окууларды өткөрүү пландалып жатканын кошумчалады.

“Биринчи эле уйдун санитариясы каралат. Уйду саарда  биринчи желинин жууп, тазалап алыш керек. Жайлоолордо каймакты бир жумалап чогултуп анан сызгырышат. Сары май узак мөөнөткө сакталыш үчүн каймакты жаңы кезинде сызгырыш керек, мындай  учурда сары майды 9 айга чейин сактоого болот. Буюрса быйыл жайында ушул сыяктуу санитардык нормаларды фермерлерге окуталы деп жатабыз”,-деди.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.