DOLON MEDIA

Нарында кайсы оорулар биринчи орунда турат?

Нарын облусунда биринчи орунда жүрөк кан тамыр оорулары турат. Себеби, Нарын облусу бийик тоолу регион болгондуктан  көп адамдар кан басымы бийик жүрүшөт. Инфаркт, инсульт оорулары  көп кездешет,-деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Чынгыз Нарынбеков.

Анын айтуусунда, экинчи орунда өпкө оорулары турса, кант диабети менен жабыркагандар үчүнчү орунда.

Ар бир адам өз ден соолугуна жоопкер болуп,  кам көрсө гана ооруну алдын ала алат. Андыктан таза абада сейилдеп, жөө басып, чуркап ден соолугун чыңдоо максатында спорт менен алектенип, туура  тамактанса бардык эле оору көрсөткүчтөрү  ылдыйлайт”,-дейт ал.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.