DOLON MEDIA

Нарындык 3 окуучу Америкада бир жыл жашап окумай болушту

Анткени алар окуучуларды алмашып окутуучу FLEX программасынын тандоо этаптарынан өтүштү.

Нарын шаарынын мектептеринде окуган үч окуучу,  Айназик Боромбаева, Бермет Бейшеева, Кайрат Мусаев бир жыл бою АКШда  аларды кабыл алган үй-бүлөлөрдө жашап, мектепте билим алышат. Өлкөбүздүн каада салтын улуттук баалуулуктарын америкалык курбалдаштарына айтып берүү менен өздөрү да америкалык коомчулук менен таанышып билим деңгээлин кеңейтишет.

“Балдар Ага Хан фондунун алдындагы профессионалдык үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин Эл аралык окуу жайга даярдоочу программасынын окуучулары. Окуучулар мектептен сырткары бизден да билим алышат жыйынтыгы жакшы болду”,- дейт аталган мектептин башчысы Нурбек Нишарапов.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.