DOLON MEDIA

Нарында кургак учук оорусун алдын алуу иштери жүргүзүлдү

17-мартта Нарын шаарында кургак учук оорусун алдын алуу жана ооруну эрте аныктоо  максатында жарандарга  акысыз текшерүү жүргүзүлдү. Иш-чара Нарын облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору жана “Кызыла ай” коомунун Нарындагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду.

Маалыматка ылайык, мындай акция Бүткүл дүйнөлүк Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрүлгөн.

Нарын облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башчысы Нурия Жанузакованын айтымында, буга чейин мындай текшерүү Нарын районунун Орто-Саз жана Он-Арча айылдарында жүргүзүлүп, жалпы 170 адам кароодон өткөн.

“Жыл ичинде мындай изилдөөлөр жүргүзүлө берет. Жакында Кочкор районуна барууну пландап жатабыз. Максатыбыз-ооруну  эрте аныктоо. Оору канча  эрте аныкталса дарылоого жеңил болуп, айыгат. Дарылоо акысыз жүргүзүлөт, керектүү дары дармектер жетиштүү”,- деди ал.

Кургак учук оорусу менен облус боюнча 381 бейтап каттоодо турат. Алардын ичинен 159 учуру өткөн жыл ичинде табылса, ушул жылдын эки айында 32 учуру аныкталган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.