DOLON MEDIA

Саркынды суу чыпкалоочу жай реконструкцияга жатпайт, жаңысын куруу зарыл


Нарын шаарында Нарын суу-канал ишканасынын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жана Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын катышуусунда шаардагы саркынды суу тазалоочу жайдын абалы талкууланды. Талкуу “НурЖолБер” коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан “Нарын шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жайдын абалы жана экологияга тийгизген таасири” деп аталган долбоор алкагында уюштурулуп, ага Бишкектен саркынды сууларды тазалоочу жабдуулар боюнча  консультант Мырза Медербеков чакырылган.  Ал  саркынды сууну тазалоонун этаптары, ал кандай курулушу керектиги, суу кандай жол менен тазаланаары тууралуу жалпы маалымат берип, бул процесстердин жүрүшү тууралуу видеотасма көрсөттү.

Анын айтуусунда, Кыргызстанда союз мезгилинде курулган саркынды сууларды чыпкалоочу  жайлар Бишкек шаарынан башка шаарларда  реконструкция болбогонун айтып, Нарын шаарында да абал талаал экенин билдирди.

“Бул жай реконструкция кылууга жатпайт, маселени чечүү жолу жаңысын куруу.  Куруу алдында биринчи чечимдерди туура кабыл алып, туура технологияны тандап алыш керек. Анткени, бул көп каражатты  талап кылат. Каражаттар туура колдонулуп, шаарга пайдасын көрсөтүшү керек. Негизинен саркынды суулар механикалык, биологиялык андан соң  дагы бир сыйра тазаланып үч этаптан өтүшү керек. Үч этаптагы тазалоодон кийин суулар агын сууларга  кошула берсе болот. Бул нормалар мамлекетте бар, бирок ошол нормага туура келчүү технология менен курулса, эч кандай көйгөй болбойт”,-деди ал.

Талкууда  Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев Европа өнүктүрүү банкы менен буга чейин калаада таза суу системасынын курулушунда  катачылыктар кеткенин айтып, аны кайталабоо үчүн  ошол эле банк аркылуу саркынды суу тутумун куруу долбоорунун курулушун  депутаттар, жарандык коом жана коомдук уюмдар бигелешип көзөмөлгө алуу зарылдыгына токтолду.  Ошондой эле  ал 2017-жылы  сметалык наркы 5,5 миллион евро деп бааланган  долбоор  азыркы базар баасы менен алганда бул  каражат курулушка жетпей калуу көйгөйү болгондуктан, аны аягына чыгаруу үчүн жогору жактарга кошумча каражат бөлүнүп  берүү боюнча кайрылуулар болоорун кошумчалады.

“Саркынды суу тутумун куруу долбоору ишке аша баштаганда коомчулук менен бирге тыкыр көзөмөлгө алалы  деген максаттыбыз бар. Себеби, биринчи этапта кеткен катачылыктар бул долбоордо кайталанбашы керек. Долбоорго акча жептей калуу мүмкүндүгүн ушул  талкууда билдик. Биз дагы жогору жактарга кайрылабыз го. Долбоор аягына чыгыш үчүн кошумча каражат бөлүнбөсө,  шаардын кайсы бир чөлкөмүнө саркынды суу системасы тартылбай калышы мүмкүн экен. Азыркы жайда саркынды суулар  механикалык жол менен гана чыпкаланып, башкача айтканда агып келген таштандылардан эле тазаланып, Нарын сууга куюлат экен”,-деди.

Талкуудан соң анын катышуучулары калаанын Жаңы-Жол аймагындагы саркынды суу чыпкалоочу жайдын абалын жеринде көрүштү. Бул жай 1974-75-жылдары курулган. Учурда  бул жайда  саркынды суулар механикалык жол менен гана чыпкаланып, Нарын сууга куюлат. Эгер долбоор  ишке ашса саркынды сууну тазалоочу жай талаптагыдай курулуп, 12 чакырым саркынды суу түтүктөрү тартылат.

Нарын суу-канал ишканасынын долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн өкүлү Айбек Бусурманкуловдун айтуусунда,  долбоордун экономикалык-техникалык негиздемеси бүткөнү менен канализациялык насостук станция курула турган жер чечилип бериле элек. Ал жер чечилсе анан тендер жарыяланмак.  Бирок, азырынча  курулуш качан башталаары белгисиз.

Буга чейин саркынды сууну тазалоочу жайга жакын жашаган 18 жаштан 70 жашка чейинки 60 тургунуна  сурамжылоо жүргүзүлүп, анда жашоочулар  саркынды суулардын жагымсыз жыты ден соолука зыян экенин жана көп учурда башты оорутканын,  дем алуу системаларына да таасир берип жатканын, жагымсыз жыт өзгөчө жылдын жылуу мезгилдеринде  дайыма каптап турганын белгилешкен. Сурамжылоону “Нарын шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жайдын абалы жана экологияга тийгизген таасири” деп аталган долбоор аркылуу “НурЖолБер” коомдук бирикмеси өткөргөн.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.