DOLON MEDIA

Сайма өнөрүн өркүндөтүү колго алынууда


Бүгүн, 13-апрель күнү сайма өнөрүн жайылтуу максатында Нарын шаарында  биринчи жолу “Сайма жана белдемчи” илимий-практикалык көргөзмөсү өттү. Иш чара  Президенттин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгынын алкагында уюштурулуп, сайма түшүрүлгөн туш кийиз, жүн менен токулуп жасалган панолордун,  белдемчи жана улуттук кийимдердин көргөзмөсү уюштурулуп, сайма өнөрүн үйрөнүп жаткан айымдардын мастер-класстары көрсөтүлдү.

“Сайма кыргыздын улуттук кийимдеринин ичинен белдемчиге көбүрөөк шөкөттөлүп түшүрүлөт экен. Бирок акыркы учурда саймасы атайын машинканын жардамы менен сайылган белдемчилер жайылып кетти. Тарыхтагы маалыматтарга таянсак, кездемени керип сайма саюу өнөрү түндүк тарапта көп кездешет экен. Бул унутта калып  бараткан өнөр. Биз бул өнөрдү жандандырып келечек муунга үйрөтүп калышыбыз керек. Бул иш чараны өткөрүү менен  кол менен сайылган сайма өнөрүн жайылтууну максат кылдык.

Экинчиден жаштар, студенттер арасында  манасчылык,  саймачылык, фольклордук өнөрдү үйрөтүү үчүн Нарын мамлекеттик университети менен атайын куружокторду  уюштуралы деп жатабыз. Бул багытта аталган окуу жай менен мемарандумга кол коюлду. Учурда  биздин сегиз кызматкер сайма өнөрүн үйрөнүп жатышат”,-деди Нарын шаардык маданият үйүнүн башчысы Динара Жунусова.

Иш чара алкагында белдемчинин тарыхы, аны белге тагынып жүрүүнүн мааниси боюнча маалыматтар берилип, белдемчинин нукура жана заманбап түрүн кийген айымдардын жүрүшү өтүп,  маданият кызматкерлеринин ыр-күүлөрү менен коштолду.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.