DOLON MEDIA

Режиссёр Шамбет Мендебаиров дүйнө салды


М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрынын режиссёр-коюучусу Шамбет Мендебаиров 51 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Мендебаиров Шамбет Кенжегулович 1972-жылдын  22-август айында Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун  Чаек айылында  туулган.

1997-2003-жылы Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун “Театр жана кино” факультетинин “Режиссура” кафедрасын аяктаган. Окуу жайдын 5-курсунда окуп жаткан мезгилде Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалуу драма театрына келип, дипломдук ишине В.Дельмардын “Жашоо деген…”  спектаклин койгон.

2012-жылдан ушул күнгө чейин М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу-драма театрында көркөм  жетекчи, режиссер-коюучу болуп эмгектенген.

Нарын театрында  эмгектенген 11 жыл аралыгында В. Дельмар “Жашоо деген …”, Т.Якуб “Селим жана Ханыша”, Ч.Калыбекова “Ботокөз”, Ж.Өзүбекова “Күйөө  сатам”, К.Мамбетакунов “Укей”, В.Сологуб “Назик жүрөк”, М.Байжиев “Төрт адам”,К. Иманалиев “Актриса”, С. Рысбаев “Адам пери”, К. Култегин “Шыпыргы өмүр”, К. Осмоналиев “Көчмөндөр кагылышы” чыгармаларын сахналаштырган.

Мындан тышкары, ага-ини Гриммдин  “Бремендик музыканттар”, “Щелкунчик” жана “Коркок жоокер”  аттуу балдар үчүн жомокторду койгон.

Сөөк узатуу тажиясы 3- май саат 11-00до Нарын шаарында Жаңы-Жол аймагында өтөт.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.