DOLON MEDIA

Нарын: 7 жаштагы кыздын өлүмү боюнча факт ИИМдин жана Нарын ОИИБдин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынды


Нарын районунун Орто-Нура айылында жети жашар окуучу кыздын өлүмү боюнча факт ИИМдин жана Нарын ОИИБдин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат кызматы билдирди.

28-апрель күнү саат 21:00 чамасында Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну  Нарын РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 2016-жылы туулган кызы мектебинен саат 15:30 чамасында сабактан чыгып, ошол бойдон үйүнө келбей жатканы тууралуу маалымдаган. Ушул эле күнү аталган факты Нарын РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына  катталган.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, төмөндөгүлөр аныкталган:

Окуучу кыз Нарын районунун Орто-Нура айылынын чыгыш тарабында жайгашкан  сарайдагы үйүнөн айылдагы  орто мектепке жөө барып келип окуп жүргөн. 2023-жылдын 28-апрель күнү саат 12.00 чамасында өзү жалгыз мектепке окуганы кетип, кайра саат 15.30 сабактан чыгып үйүнө болжол менен 17.00-17.30 аралыгында үйүнө келбей калгандыктан, апасы Н.А.К. милиция кызматына билдирип жана айылдыктардын WhatsApp группасына кызы жок болуп жаткандыгы тууралуу жазган.

Айылдын элдери чогулуп издөө иштерин уюштуруп издеп жүрүшүп, болжол менен саат 22:10 чамасында кыздын жансыз денесин Нарын районунун Орто-Нура айылында киши жашабаган үйдүн ичинен табышкан. Сыртынан кароо жүргүзүүдө күч колдонулган белгилери аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип, Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну 1959-жылы туулган  жаран мас абалында кармалган.

Аталган факт Нарын РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122 беренесинин (Адам өлтүрүү) фактысы менен кылмыш иши козголуп,  тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Кылмышка шектүү Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде, Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бул факт ИИМдин жана Нарын ОИИБдин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынды.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.