DOLON MEDIA

Сүрөт баян: Оштон арчанын жана роза гүлүнүн көчөттөрү алынып келинди

Ош облусунун Кара- Кулжа районунун питомнигинен жашыл арчанын 1 жарым миң, роза гүлүнүн 700  түп көчөтү алынып келинди.

Бүгүн, 30-мартта  жашыл арчанын көчөтү шаардын 64 аймагындагы “Ынтымак” аллеясынын айланасына отургузулду. Калган көчөттөр калаанын РТС, Москва чөлкөмдөрүнө жана мекеме-ишканалардын короолоруна  тигилет. Ал эми роза гүлүнүн көчөттөрү шаардык кире беришине Жаңы-Жол аймагына, Москва чөлкөмүнө, сейил бактарга, шаардын борбордук аянтына отургузулат. Мэриянын басма сөз кызматы көчөттөр демөөрчүлөрдүн эсебинен түшкөн каражатка алындыгын маалымдады. Маалыматтарга караганда, бир түп жашыл арчанын  көчөтү жеринде 800 сомго бааланса калаа башчынын аракети  менен 400 сомдон сатылып алынды.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.