DOLON MEDIA

Нарын облусунда багбанчылык менен алектенгендерге аз пайызда насыялар бериле баштайт

Нарын облусунда багбанчылык менен алектенген ишкерлерге аз пайызда насыялар бериле баштайт. Бул тууралуу 3-мартта багбандар катышкан иш-чарада Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым өкүлчүлүндө өткөн семинардык кеңешмеде маалымдалды.

Өкүлдүн биринчи орун басары Адыл Солтоевдин айтымында, өткөн жылы облустун аймагында 39 гектар жерге карагат,  ал эми жети гектар жерге чычырканак отургузулган. Эгер облустун багбандары мөмө жемиштерди отургузууну пландаштырышса 5,5 үстөк пайыз менен “Керемет Банктан” насыя ала алышат.

Насыя үчүн “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 200 млн сом каралган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.