DOLON MEDIA

Депутат Мажитова: Балдарга жана аялдарга жасалган ырайымсыз мамилелерге жаңыча күрөш башталат

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова балдарга жана аялдарга жасалган ырайымсыз мамилелерге жаңыча күрөш баштала тургандыгын айтты. Бул тууралуу ал Нарын шаарында өткөн тегерек столдо билдирди.

“Өлкөбүздөгү балдарга жана аялдарга карата болгон ырайымсыз мамилелерди алдын алуу боюнча мыйзамдуу жакшы база бар. Бирок, өлкөбүздө мындай кылмыштар, терс көрүнүш көбөйүүдө, ошондуктан бул жаатта системалуу бири- бирин толуктаган иш алып баруубуз зарыл”,-деди ал.

Аталган тегерек стол парламенттин төрагасынын алдында түзүлгөн “Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик” кеңеши тарабынан уюштурулду.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.