DOLON MEDIA

Ичкиликке берилгендер жашарууда

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын психо-наркология бөлүмүңдө учурда 24 бейтап дарыланууда. Анын 8и психикалык оорулар менен жабыркагандар болсо калганы ичкиликке көз каранды болгондор.

Бөлүмдүн психиатр-нарколог дарыгери Базаркүл Кененбаеванын айтымында, психикалык оорулар жана аракечтик жыл сайын жашарууда. Ага жумушсуздук, ажырашуулар, турмуштун оордугу, тынчсыздануу себеп болууда.

“Кийинки убакта ичкилик ичкен азайды деген менен аракечтиктин айынан ооруканага түшкөндөр көп эле. Көбүнчө жумушсуздар, үй-бүлөсү менен ажырашып эки ажырым жолго түшкөн эркектер, аялдар келип атышат. Иштеп жүргөндөрдөн деле жаткандар болот, алкоголизм оору да. Психикалык оорулар дагы жылдан-жылга көбөйүп келе жатат. Азыркы турмуш- шарттын оордугу, жетишсиздик, депрессия айрымдарына таасир этсе, тукумдан берилген оорулар дагы бар. Оорулар жашарып баратат, психикалык оорудан жабыркаган 16 жаштагы бейтап бар. Ичкиликке берилген аялдар көп”,-деди дарыгер.

Бөлүмдө бир нарколог, бир психиатр дарыгер бар. Дарыгердин жетишсиздигинен бөлүмдө аракечтиктен дарыланып чыккан бейтап сырттан көзөмөлгө алынбайт.

“Катуу ичип келгендерди дарылып чыгаргандан кийин, сыртта карап, көзөмөл кылып турганга врач жок. Дарылангандан кийин дагы көзөмөлгө алып, андан ары иш алып барган дарыгер болсо жакшы болмок. Бул жактан чыккандан кийин каралбай эле калууда. Дарыгер жетишсиз көйгөйү бар.

Окууну бүтүп келген жаштар деле келишет, бирок чыдабай кетип калышууда. Үч жылдан бери эле келгендерге “ордума дайындап кетейин” деп эле келе жатам, бир ай иштеп эле кетип калышат. Бир бала келди эле 20 күн дагы чыдаган жок. Келген бейтаптарды көрүп эле чочулашат”,-дейт Б.Кененбаева.

Маалымат үчүн белгилесек мындан 22 жыл мурун психикалык бейтаптар үчүн шаардын Алма-Бак аймагында өзүнчө 60 орундуу оорукана болгон. Анда наркологиялык бейтаптар, психикалык бейтаптар өз-өзүнчө жатып дарыланчу. 2000-жылы кыскартуулардан улам, оорукана 20 орун менен Нарын облустук бириктирилген ооруканасында психо-наркология бөлүмү болуп ачылган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.