DOLON MEDIA

Өлкөдө май айында катары менен беш күн эс алуу болот

1-Май – Эмгекчилердин тилектештик майрамы, 5-май – Конституция күнү жана 9-май – Жеңиш күнү жылнаамада кызыл менен жазылган. Бул күндөрү кыргызстандыктар эс алышат.

8-май дүйшөмбү күнгө туура келгендиктен, дем алыш болот, ал күн үчүн 13-май иш күн деп жарыяланды. Беш жумушчу күн тартиби менен иштегендер беш күн эс алышат.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

29-апрель – ишембиде 20-марттагы эс алуу үчүн иш күнү деп жарыяланды. Ага чейинки аралыкта Орозо айт майрамы бар.

Кыргызстанда расмий эсепте 14 майрам күн бар. Эгер алар ишембиге же жекшембиге туш келсе, башка жумуш күнү дем алыш деп жарыяланат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.