DOLON MEDIA

Нарын шаарында аралыка чуркоо боюнча чемпионат өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде Нарын шаарында үч чакырым аралыка чуркоо боюнча Нарын облусунун 1-ачык чемпионаты өтөт.

Мелдеш төмөнкү жаш курак категориялар боюнча өтөт:

– 14-17 жаштагылар (кыздар/балдар);
– 18-25 жаштагылар (эркектер/айымдар);
– 26-35 жаштагылар (эркектер/айымдар);
– 36-45 жаштагылар (эркектер/айымдар);
– 46-55 жаштагылар (эркектер/айымдар);
– 56 жаштан жогоркулар (эркектер/айымдар);
– майыптыгы бар адамдар арасында (эркектер/айымдар).

Жеңүүчүлөр  Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын медаль жана дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланышат. Мелдештин жалпы байге фонду 100 000 (жуз миң) сомду түзөт

Каалоочуларды активдүү катышууга жана өнөктөштөрдү кызматташууга чакырабыз!
Сурап билүү телефондор: 0701 211515, 0709 797976.
Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.