DOLON MEDIA

Нарын шаардык мэриясы автобустарды сатып алууга тендер жарыялады

Нарын шаардык мэриясы электр менен жүрүүчү автобустарды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайты жарыяланды.

Порталдын маалыматы боюнча, тендерди Нарын шаардык мэриясы жарыялаган. Жалпы сметалык баасы 76 миллион сомду түзөт.

Бул суммага Нарын муниципалитети 250-300 чакырымга жете турган 5 электроавтобус алууну пландоодо. Ар бир унаада кеминде 17 жүргүнчү бата турган орундук болушу керек.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын январь айында Нарын шаардык мэриясы Бишкек шаардык мэриясынан  500 миң сомго эски троллейбустан төрттү сатып алган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.