DOLON MEDIA

Быйылкы жылдагы фитир-садака берүүнүн өлчөмү бекиди

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2023-жылдагы фитир-садака берүүнүн өлчөмүн бекитти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынын билдиришти.

“Баалардын туруксуздугуна байланыштуу садака-фитирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл буруу керектигин эскертет”,- деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, фитир-садака берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры.

Быйыл Орозо айы 23-мартта башталып, 20-апрелде аяктайт. 

2020-жылы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы фитир-садаканы берүүнүн электрондук системасын иштеп чыккан.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.