DOLON MEDIA

Сүрөт баян: Нарын шаарында 2700 түп көчөт тигилди


Бүгүн, 15-апрелде Нарын шаарында массалык көчөт отургузуу иш-чарасы уюштурлуп, анын алкагында 2700 түп көчөт тигилди. Башкача айтканда, шаардын  Москва чөлкөмүндөгү М.Жусаев атындагы паркка, МДС чөлкөмүндөгү эски күмбөздүн ордуна демөөрчүлөр тарабынан алынып келинген көк карагайдын, ак кайыңдын жана теректин көчөттөрү отургузулду. Ага калаадагы облустук, райондук жана шаардык мекеме-ишканалардан кызматкерлер тартылды.

“Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу” программасынын алкагында  600 түп көк карагайдын, 600 түп алма, өрүк сыяктуу жемиш бактарынын көчөттөү Ысык-Көлдөн жана Чүйдөн алынып келинген. Мындан тышкары MSDSP KG коомдук фонду тарабынан  500, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен миң түп Тянь-Шань карагайынын, кайыңдын, теректин  көчөттөрү Нарын токой чарбасынын питомнигинен алынган.

Калаа башчысы быйыл Нарын шаарына 15 миңден ашык көчөт отургузуу пландалганын, бул үчүн парктар, скверлер, жол жээктери даярдалганын айтууда.

“Ак-Коргон жана МДС аймактарындагы эски көрстөндөр бузулуп, жери түздөлүп бак тигүүгө даярдалган. Ошондой эле парктар, скверлер, жол жээктери  көчөт отургузууга даяр. Кыскасы 15 миң көчөт  бата турган жер бар. Буюрса шаарыбызды эскирген дарактардан арылтып, көк карагайга бөлөйлү деген пландар болуп жатат. Көчөттөр толук көктөп берсе, шаарыбыз 10 жылдан кийин  жашыл шаарга айланат деген үмүттөбүз”,-деди калаа башчы.

Анын айтымында, былтыр  тигилген 5 миң түп  көчөттүн 400 ү гана жергиликтүү бюджеттен алынса, калганы демөөрчүлөрдүн эсебинен алынган. Быйыл көчөт сатып алууга  жергиликтүү бюджеттен 1 миллион сом бөлүнгөн. Көчөттөрдүн көпчүлүгү жеке ишкерлер, фонддор  аркылуу алынып келинүүдө. Нарын шаарындагы облустук, райондук жана шаардык мекеме ишкана кызматкерлери дагы өз демилгелери менен 300 түп көчөт алып беришет.  Маалыматтар боюнча өткөн жылы тигилген көчөттөрдүн  98 пайызы өскөн.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.