DOLON MEDIA

Нарынга өрт өчүрүүчү унаалар келди


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынын базасы жаңы өрт өчүрүүчү унаалар менен толукталды. Россия мамлекетинен Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жардам катары келген  «КАМАЗ-43118”  үлгүсүндөгү  40 өрт өчүрүүчү унаанын жетиси Нарын облусуна бөлүнгөн.

Бул унаалар министрликтин облустагы башкармалыгына тапшырылып, Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал райондоруна  экиден берилсе, Кочкор районуна бирөө бөлүндү. Ал эми Нарын шаары менен Нарын районуна өткөн жылы берилген. Мындан тышкары  күжүрмөн иштерди күчөтүүгө жана алдын алууда, авариялык куткаруу иштерин жүргүзүүгө, өзгөчө кырдаал  болгон жерге өздүк курамды, керектүү жабдыктарды жеткирип, штабдык отрумдарды өткөрүүгө ылайыкталган  2 куткаруучу жана  “JAC”  үлгүсүндөгү  1 кызматтык автоунаалар берилди.

ӨКМнин Нарын облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары Темирбай Айтбаевдин айтуусунда, облуста өрт өчүрүүчү, куткаруучу унаалар жетиштүү болуп калды. Бирок, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн инженердик-техникаларга  муктаждык бар.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.