DOLON MEDIA

18,5 чакырым ички жолду оңдоого 133 миллион сом керектелет


Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун 11-мартта Нарында болгон жумушчу сапарынын алкагында Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Нарын шаарынын ички көчөлөрүн жана Нарын-Баетов унаа жолун оңдоо долбоорлорун тааныштырды.

Анын айтуусунда , Нарын шаарында 18,5 чакырым ички көчөлөрдү оңдоо пландалып, ага 133 миллион сом керектелет. Борбордук Ленин атындагы жолго  жүктү азайтуу үчүн Сагынбай Орозбак уулу көчөсүнүн айланма жолго чыгуучу 1,28 км узундуктагы уландысын куруу пландалууда. Ошондой эле, борбордук жолду толук реконструкциялоо, аллеяларды жана 9,5 чакырым узундуктагы ирригациялык системаларды куруу планда каралган.

Ошондой эле министр 120 чакырымды түзгөн мамлекеттик маанидеги Нарын-Баетов унаа жолунун 36 чакырымына ушул жылы асфальт төшөө пландалып жатканына токтолду. Ал эми экинчи этапта 2024-2025-жылдары трассанын калган 84 чакырымына асфальт төшөө пландалууда. Долбоорлорду каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылат.

Жумушчу кеңешменин жыйынтыгында Мамлекет башчысы Нарын шаарынын ички жолдорун реконструкциялоону тез арада баштап, быйылкы жылы бүтүрүүнү, Нарын шаарында жана Кочкор районунун Кочкор айылында ипотекалык негиздеги көп батирлүү турак-жайдын курулушун баштоону, ошондой эле республикалык бюджеттен социалдык чыгымдардын бир бөлүгүн Нарын шаарын өнүктүрүүгө багыттоону жана быйыл Баетов-Нарын унаа жолунун 36-чакырымына асфальт төшөө иштерин бүтүрүүнү тапшырды.

 

https://www.president.kg/kg/okujalar/24449_prezident_sadir_ghaparov_narin_oblusun_nktr_boyuncha_dolboorlor_menen_taaniship_bir_katar_tapshirmalardi_berdi?fbclid=IwAR260wCJ

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.