DOLON MEDIA

Нарындык залкар комузчу Руслан Жумабаев  эскерилди


20 дан ашык күүлөрү бар искусство илимдеринин кандидаты, залкар комузчу Руслан Жумабаевдин элесин унутпоо үчүн Нарын шаарындагы Ж. Шералиев атындагы искусство мектебинде класс ачылып, эми комузчунун күүлөрүн окуучуларга үйрөтүп башташат.

Мектепте окуган 220 баланын 102си комузга келишет деген мектеп директору Жанарбек Абдуразаков Руслан Жумабаев эгемендүү Кыргызстандагы залкар күүчү, комузчулардын сап башында турат деген пикирин билдирди.

“60 тан ашык чет өлкөлөрдө болгон, комузчунун күүсү татаал болгондуктан баары эле чертке албайт. Анын окуучуларынын бири КРнын Эмгек сиңирген артисти Закирбек Дүйшөнбек уулу сыяктуу мыктылар  черте алат.  “Эрке Сары” чыгармасын биздин окуучулар чертет”,-  дейт Ж. Абдуразаков.

Эми аталган мектептин окуучулары “Нооруз”, “Ак таноо” күүлөрүн үйрөнмөй болушту. Белгилей кетсек, Руслан Жумабаев быйыл 50 жашка чыкмак, оорудан улам 2018-жылы сентябрда каза болгон. Комузчу Р. Жумабаев 2018-жылдагы Көчмөндөр оюнунун ачылышында  А. Огонбаевдин « Маш Ботоюн» 1000 комузчу менен чертип чыккан. Көптөгөн эл аралык конкурстардын лауреаты, бирок өлкөбүздөн бир да сыйлыкка ээ болгон эмес.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.