Бир айдан бери Жумгал районунда аким жок. Буга чейинки аким Жамшит Матанбаев эки жылга чукул иштеген. Ал үстүбүздөгү жылдын март айында жер амнистиясын жакшы жүргүзбөгөн жана башка бир катар көрсөткүчтөр төмөн деп баа берилип жумуштан кеткен. Ага чейин иштеген аким Залкар Бозбалаев алты ай иштеген соң аттестациядан кулап калган. Жумгал районунда чоң көмүр кени Кара-Кече, уран калдыктары бар Миң-Куш шаарчасы жайгашкан.