DOLON MEDIA

Нарын шаарында жол киренин тарифи кайра каралышы ыктымал

Бул жөнүндө Нарын шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев билдирди. Шаардык кеңештин 5 чакырылыштагы депутаттары 2023-жылдын 14-мартында кабыл алган чечим менен  Нарын шаарынын ички жолун тейлеген маршруттук таксилерге баардык жүргүнчүлөр  үчүн 10 сомго тейлөөгө макулдук беришкен. Бирок буга айрым жашоочулар терс пикирилерин билдиришкен.

«Элетробустар келгенде кайра тариф каралат»-дейт шаардык кеңештин төрагасы А. Молдосалиев. Анын айтымында, 2018-жылдан бери тариф саясаты карала элек болчу. Анда бензиндин литри 36 сом болсо азыр  70 сом.  Ал эми троллейбустарга 4-класска чейинки окуучулардын акысыз жүрүүсү үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат каралат. Калган  бардык жүргүнчүлөргө троллейбуста  жол кире 5 сом.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.