DOLON MEDIA

Ат-Башы: Өнүктүрүү фонддордон  айылдарга чакан ишканалар ачылса


Ат-Башы районунун тургуну Чолпонай Сагындыкова өткөн жылы өнүктүрүү фондуна тери жана жүндү кайра иштетүүчү чакан ишкана ачуу боюнча долбоор жазып, колдоо тапкан эмес. Ал бул тууралуу пикирин ЖКнын алдында түзүлгөн “Аялдардын, балдардын  укуктары жана гендердик теңчилик” боюнча кеңеши өткөргөн жыйында билдирди.

Ал айылдарда насыя албаган үй-бүлө жок экенин айтып, аны төлөө үчүн аргасыздан  балдарын жакындарына, туугандарына таштап ички, тышкы миграцияга чыгып кетип жатканы чоң көйгөй экенин билдирди.

“Миграцияны азайтып, зордук зомбулукту алдын алыш үчүн  айыл жеринде чакан ишканалар ачылса.  Мисалы, аялдардын колунан келе турган  нан бышыруучу, тигүүчү цех ачууга жардам болсо. Мен дагы  тери, жүн иштетүүчү чакан цех ачууга долбоор жазгам. Башка аялдар кол өнөрчүлүк, сүттү кайра иштерүү, тигүү, нан бышыруучу цех ачуу боюнча жазышты, бирок  колдоо болгон жок. Айылда жөндөмү бар кыз-келиндер, балдар көп, чакан ишканалар ачылса алар иш менен камсыз болуп, миграцияны алдын алат элек”,-деди ал.

Жыйынга ЖК депутаты Шарапат Мажитова, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция  министринин орун басары  Жылдыз Полотова катышкан.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.