DOLON MEDIA

Нарында жаш кыздарга ыдык көрсөткөнү айтылган киши өз жанын кыйды

Нарын шаарында окуучу кыздарга бир топ жылдан бери ыдык көрсөтүп келген деп айтылып жаткан адам 14-апрелде муунуп каза болду. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Милиция буга чейинки маалыматтарды териштирүү уланып жатканын кошумчалады. Инстаграмда Нарында англис тили курсунан сабак берген мугалим бир топ жылдан бери окуучу кыздарга ыдык көрсөтүп келгенин баяндаган баракча ачылган. Бир топ кыздар мындай окуяга кабылганын айтып, өздөрүнүн башынан өткөргөндөрүн анонимдүү түрдө жазып жатышкан. Коомчулукта ал мугалимди жоопко тартуу талабы айтылып жаткан. Нарын облустук ички иштер башкармалыгы фактыны териштире баштаган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.