DOLON MEDIA

“Чалбасы кыргыздары” тасмасы Чехияда көрсөтүлүп, талкууланды

Өткөн кылымдын 30-жылдарында репрессияга кабылган кыргызстандык үй-бүлөлөрдүн тагдыры тууралуу баяндаган “Чалбасы кыргыздары” документалдуу тасмасы 27-февралда Чехиянын борбору Прагада изилдөөчүлөрдүн чакан чөйрөсүндө көрсөтүлүп, талкууланды.”Сталиндик депортациялар: кулакка тартылган жана Украинага сүргүнгө айдалган кыргыздар” деген темадагы талкууга тарыхчылар, изилдөөчүлөр жана Чехияда жашаган кыргызстандыктар катышты. Тасманы “Эсимде” изилдөө тобу 2021-жылы Украинанын Херсон, Одесса, Киев аймактарын кыдырып, Кыргызстандын өзүндө да маектерди уюштуруп, архивдик документтерди, сүрөттөрдү, күбөлөрдүн жана урпактардын эскерүүлөрүн изилдеп жүрүп тарткан. Кыргызстандын XX кылымдагы жана XXI кылымдын башындагы көмүскөдө калган тарыхын изилдөөгө арналган “Эсимде” долбоорунун негиздөөчүсү Элмира Ногойбаева жолугушуунун катышуучуларынын суроолоруна жооп берип, тарыхый эс-тутумдун адамзаттын келечек жашоосундагы маанисин белгиледи. “Чалбасы кыргыздары” тасмасы 1930-жылдары Кыргызстандын аймагынан Украинанын Херсон облусуна сүргүнгө айдалган үй-бүлөлөрдүн тагдырын жана ал доордогу саясий процесстерди чагылдырат.

Украинанын Виноградово (мурдагы Чалбасы) кыштагына 1930-жылдары “кулак”, “эл душманы” деп айдалып барып, ошол жакта көз жумган кыргыздар жаткан жайдын четине 2013-жылы эстелик тургузулган. Кыштакта 1944-жылдын аягына чейин 500 чамалуу кыргыз жашаган. Виноградовонун эли кыргыздар көмүлгөн жайды “Кыргыз мазар” деп аташат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.