DOLON MEDIA

Казакстанда кыргызстандык музыкантты кыйнаган деген шек менен төрт полициячы кармалды

Казакстандагы Январь окуяларында күч кызматкерлеринен токмок жеген кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун иши казак Башкы прокуратурасына өттү. Бул тууралуу музыкант Инстаграмдагы баракчасына жазды. Андагы маалыматка ылайык, прокуратуранын эки кызматкери Рузахуновдун кыйноого кабылганын иликтөө үчүн Астанадан Алматыга жиберилген. “Ушул тапта төрт полиция кызматкери кармалып, камакка алынды (алардын бири кыйноо жана зомбулук фактылары болгонун моюнуна алган, экинчиси атайын блогер, журналисттерди жалдап, калпты жайылтууга аракет кылып жатат). Мени менен кошо бир жерде кыйноого кабылган адамдардын саны 22ге жетти. Мен мурдагыдай жалгыз эмесмин, биз эми көппүз”, – деп жазды Рузахунов.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.