DOLON MEDIA

Нарында Президенттин өкүлүнүн балаты майрамы болуп өттү

Жакында  Нарын облустук М.Рыскуловатындагы академиялык музыкалуу драма театрында КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун бөбөктөргө  арналган балаты майрамы өткөрүлдү. Майрамдык иш чарага Нарын шаарынан жана Нарын районунан 200 бала катышты. Облус жетекчиси балдарга жаңы жылдык каалоо-тилегин арнап, терең билим алууга, мыкты инсан болууга үндөдү. “Биз силерден кеп жакшы нерселерди үмүт кылабыз”, деген тилегин билдирүү  менен облус жетекчиси балаты майрамынын ар бир катышуучусуна бекем ден соолук, узун өмүр, окуудагы чоң-чоң ийгиликтерди жана бактылуу келечек каалады. Куттуктоонун аягында бөбөктөргө “Щелкунчик” жомогу тартууланды. Быйыл өкүлдүн белегин 5 район бир шаардан 800 бөбөк алат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.