DOLON MEDIA

Нарын облусундагы Ормон Хан айыл аймагыдагы Кочкор айылына таштаман төшөлүүдө

Ормон-Хан айыл аймагынын Кочкор айылындагыкечелерге тротуар салуу иштери жүрүүдө. Кочкор райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы  тарабынан айылдын Шамен көчөсүнө, С.Орозбаков көчөсүнөн тарта С.Алиев көчөсүнө чейин тротуар жана суу өтүүчү арыктын долбоору жана сметасы түзүлүп берилген. Азыркы тапта «Кочкор строй» ЖЧК тарабынан курулуш иштери журуп жатат. Ишкананын жетекчиси Кубан Жамангуловдун айтымында, түрткү берүү гранттын эсебинен, тротуар, суу өтүүчү арыктарды жасоо учун 3 миллион 300 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Мунун ичинен 700 мңн сому өздүк салым катары Ормон Хан айыл өкмөтү тарабынан бөлүндү. Каржы министрлигинен берилген акча каражатына жолдун жээгинде жөө адамдар жүрүүчү 450 метр жерге таштаман төшөлөт.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.