DOLON MEDIA

Нарын шаарында мыйзамсыз коюлган соода точкалары, күркөлөрү алынууда

Нарын шаарындагы борбордук базардын айланасында мыйзамсыз коюлган соода точкалары, күркөлөрү алынууда. Бул тууралуу шаардын муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жетекчиси Бакыт Усубалиев билдирди.

Усубалиев базардын айланасы буга чейин дагы тазаланганын, бирок соодагерлер күркөлөрүн кайра эле коюп алып жатканын белгиледи.

“Шуллер кыска көчөсүнүн тегереги , Токтогул мектебинин айланасы, Чолук-Ата, Чолпон базарларынын  капталы да тазаланууда. Бирок, алынган күркөлөрүн кайра коюп алышууда, бүгүн да коюп алышыптыр”,- деди ал.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.