DOLON MEDIA

Кочкор: “Топураксыз дыйканчылык” ыкмасы менен кулпунай өстүргөн Орозбек

Нарында “эч нерсе өспөйт” деген  ой калыптанып калган тениртоодо жердин шартына жараша жаңы ыкмаларды колдонуп жана колдо болгон мүмкүнчүлүктү туура пайладанса бардык  жашылча-жемиш, өсүмдүктөр өсөт,-деген  Орозбек Салмоорбеков өткөн жылы  кулпунайдын “альбион” сотун тестик режимде  отургузуп 700 килограмм түшүм алган. Быйыл май айынан баштап кеч күзгө чейин 2 тоннага чейин түшүм алууну пландап жатат.

Жаш фермер Орозбек Салмоорбеков Кочкор районунун Ак-Кыя айыл аймагынын  Орто-Кырман айлынын тургуну. Ал Туркия мамлекетинен лингвистика багыты боюнча билим алып жүрүп, “топураксыз дыйканчылык” технологиясына кызыгып, жеринде бул ыкманы колдонгон дыйкандардан үйрөнгөн. Кийин айылдагы 500 чарчы метр айдоо аянтына күнөскана салып,  4 миң кулпунайдын көчөтүн Туркиядан алып келип отургузган. Учурда кулпунайлары кышкы мезгилдеги 480 сааттык уйкуда.

“Туркияда окуп жургөндө “топраксыз дыйканчылык” технологиясына кызыгып, тармакты изилдеп, бул багытта иштегендер менен байланышып, жеринде  барып өндүрүштү көрдүм. Чынында  топурагы жок деле өсүмдүктөрдү отургузуп, таза  азык ала турган өндүрүш ачса болооруна көзүм жетти. Окууну бүтүп келгенден кийин  райондогу №15 кесиптик лицейде өсүмдүк өстүрүүчү адистигинен окуп,  айылдагы өзүбүздүн эле  аянтка колдо бар материалдар менен күнөскана куруп, былтыр Туркиядан кулпунайдын  “альбион” сортунан 4 миң көчөт алып келип, апрель айында  отургузганбыз. Буюрса түшүмү жакшы болуп ноябрь айына чейин түшүм берди. Жаңы отургузулгандыктан 700 килограмм алдык. Быйыл 2 тоннага чейин алабыз деп турабыз. Кулпунай көп жылдык өсүмдүк болгондуктан  кышында 480 саатык уктоо убагын өткөрүш керек, азыр уйку убагында. Буюрса март айы менен  кайрадан ойгонуп баштайт.Кулпунай өстүрүүнүн жолун көрүп, өзүбүздүн климатты, кулпунайдын биздин климатка болгон таасирин  тааныдык эми кеңейтебиз, чоң масштабка  чыкканга коркунуч жок.Кулпунайдын бул сортунун өзгөчөлүгү -көлөмү чоң жана узак мөөнөткө сактоого жарамдуу. Биз өзүбүз көрдүк пластик контейнерде муздаткычта  бир жума бузулбай  сакталды. Кыям жасаганга болот, кумшекерди аз талап кылат”,-деди  О.Салмоорбеков.

Ал Нарында жаңы технология менен дыйканчылык кылгандар аз экенин айтып,  топураксыз дыйканчылыкты үйрөнүүгө кызыккандар  болуп жатканын кошумчалады.

“Бизде дыйкандын сабаттуулугу негизги маселе. Көбүнчөсү чоң атасынан, атасынан жакындарынан көргөн ыкма менен эле жер иштете беришет, жаңы ыкма колдонгондор жок. Азыр кызыгып сурагандар көп болууда. Ал үчүн базалык агрардык билим керек, элементтерди тааныш керек, суунун туздуулугу, кычкылдуулугу деген терминдерди  билиш керек, суунун ичиндеги элементтердин өлчөмүн билүү үчүн приборлор менен иштөөнү билүү зарыл. Эң негизгиси өсүмдүктү тааныш керек. Өсүмдүктө  тил жок болгондуктан тышкы көрүнүшү менен сүйлөшөт. Бул дагы тажрыйбаны талап кылат. Мисалы, күнөскананы курууда жогорку сапаттагы материал сатып алуунун кажети жок, колдо болгон материал менен курса болот, негизгиси ичиндеги технологияны туура колдоно билүү маанилүү. Бизде “эч нерсе өспөйт” деген  ой калыптанып калган экен, бирок  жердин шартын, технологиясын туура  караса бардыгы эле өсөт. Күнөскананы күндүн нугуна тууралап салыш керек”,-деди ал.

“Топураксыз дыйканчылык”  технологиясы топурак колдонулбастыгы менен айрырмаланат. Өсүмдүктөр топурактын варианты катары суу жана кадимки кокостун  топурактай майдаланган сырткы кабыгы салынган торф баштыкчаларында отургузулат. Бир артыкчылыгы тамыры топурактагыдай катып калбайт, топурактагыдай микроорганизмдер уялап кетпейт, отоо чөп өспөгөндүктөн химиялык заттар колдонулбайт, курт-кумурскаларды, зыянкечтерди өлтүрө турган  дары-дармек колдонулбайт. Ошондуктан экологиялык жактан эң таза сорттогу продукция алса болот. Экинчиден, бул ыкмада тамчылатып сугаруу системасы колдонулушу  керек. Бул биринчи кезекте  сууну эффективдүү колдонууга жакшы. Мселен, кулпунай үчүн жайдын саратанында  бир күндө 400-450 миллилитр суу жетиштүү болот. Арыкка толтура суу салып кандыра сугарганда  өсүмдүк стреске кирип, өсүү процесси токтоп турат. Бул учурда  фермер  убакыттан уттурат  жана түшүмдү да кеч алат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.