Нарын ОИИБнын Балдар иштери боюнча инспекциясынын улук инспектору Кутман Нурманбетовдун маалыматына таянсак, облус боюнча өткөн жылы балдарга карата жасалган 44 зомбулук фактлары катталып, мунун ичинен 6 учуруна кылмыш иши козголуп, иш сотко жөнөтүлгөн. Ал эми 36 учурунда кылмыштын курамы жок болгондугуна жана тараптардын элдешип алгандыгына байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган.
“Жалпы зомбулук фактларынын 26сы үй-бүлөлүк зомбулук катары таанылып, коргоо ордерлери берилип, тийштүү иш-чаралар жүргүзүлгөн. Балдарга карата жасалган зордук зомбулуктун эң көбү, 33 учуру Нарын шаарында катталган. Ал эми Ат-Башы районунда 3, Жумгал районунда 1, Кочкор районунда 2, Нарын районунда 5 факт катталса, Ак-Талаада катталган эмес. Ал эми үстүбуздөгү жылдын үч айында балдарга карата жасалган сегиз зомбулук учурлары катталды. Төрт учуру үй-бүлөлүк зомбулук катары таанылып, коргоо ордерлери берилди”,-деди ал.