DOLON MEDIA

Сүрөт баян: Алма-Бактагы куураган алма бактар тазаланууда

Нарын шаарындагы Алма-Бак паркындагы куурап, эскирип, өсүүсү токтогон алма бактар кыйылып, тамырлары атайын техниканын жардамы менен тазаланып жатат. Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей,  ордуна кайра эле  алма, алмурут жана өрүк бактары отургузулат.

Мындан тышкары калаа боюнча быйыл 15 миң түп  ар кандай бак-дарактардын, 10 миңден ашык ар кандай гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузуу мерчемделүүдө. Быйыл жылдагыдан айырмаланып, гүлдөр улуттук оюу белгилери түшүрүлүп тигилүүдө.

Маалымат үчүн белгилесек, былтыркы жылы 10 миңдей ар кандай бак-дарактардын көчөттөрү тигилип, алардын 90 пайызы өскөн.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.