DOLON MEDIA

Нарын театрында жаңы спектаклдин бет ачары болду

СССР дин Эл артисти Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына арналган «Бакен» спектакль Нарын академиялык музыкалык театрынын көркөм кеңеши тарабынан жактырылды. Драматург Жаныш Кулманбетовдун «Талант жана тагдыр» драмасынын негизинде даярдалган спектаклдын режиссеру Бүбүсара Бейшеналиева атындагы КММИУнин 4-курсунун студенти Гаухар Ажигулова, ассистенти КРнын Эмгек сиңирген артисти Жумабек Мадемилов.

Театрдын жетекчилигинен билдиришкендей, режиссер –студент алгачкы эмгегин  теңиртоолуктарга  7-апрель күнү тартуулады.  Эске сала кетсек быйыл 100 жылдыгы белгиленип жаткан айтылуу актриса Бакен Кыдыкеева 1941-44 жылдары ал кездеги Тянь-Шань театрында да иштеп кеткен.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.