DOLON MEDIA

Жыргалбек Касаболот: Таш бетиндеги тамчылар/ Акын Марат Токоевдин чыгармачылыгына сүртүм

Бүгүн мен урматтаган акын, сынчы, журналист, аналитик, саясий серепчи, мекенчил, жана да баарынан мурда Жакшы Адам Жыргалбек Касаболотов досумдун менин чыгармачылыгым тууралуу сын макаласы менен бөлүшөйүн дедим. Жыргалбекте мен урматтаган сапаттардын бири – калыстыкка келгенде жакыным, досум дебегени, болгонун болгондой айтканы, бирок ошол эле учурда достукка бекем болгону, досунун башына мүшкүл түшсө, акыркысын бергенге даяр болгону, досунун кубанычын өзүнүн жеке кубанычындай кабылдаганы.

Чыгармачылыгым тууралуу сөз кылып жатканда адатынча калыстыгынан тайбады деп ишенем. Анын жазгандарын окуп жатым өзүм үчүн да өзүмдүн чыгармачылыгым тууралуу көп ачылыштарды жасай алдым. Акын жазып жатып, көп учурда эмне үчүн башкача эмес, ушинтип жазганын, эмне үчүн ушул темага байланыштуу жазганын өзү да жакшы аңдай бербейт. Анда сөз Жыргалбекте.

_____________________

Жыргалбек Касаболотов
Жыргалбек Касаболотов

Марат Токоевдин «Сүртүмдөр» аттуу ырлар жыйнагындагы дзенчил жана синтоисттик эстетиканын эксперименттери

Кыргыз поэзиясы өтө байыркы. Кылымдар бою 7-8 муундун ыргагынан, уйкаштын ыгынан чыкпай келаткан оозеки чыгармачылык “Манас” баш болгон гиганттарды, Жеңижоктун “Аккан суусу” өңдүү шедеврлерди жараткан. Аны элдин кабылдоосу да ошончолук байыркы болгондуктан кыргыз поэзиясы ар кандай жаңычыл көрүнүштөрдү өтө сак кабыл алып, көбүн өз боюна жуутпай, далайын агындыдай тышка серпип салган учурлар жетиштүү. 9, 10, 11 муун өлчөм мурдараак диний адабияттын, кийинчерээк совет мезгилинин күүсү менен кирип, азыркы кыргыз поэзиясынын ажырагыс бөлүгүнө айланганына көп болду. Антсе да бул поэзия жалпысынан өзүнүн кылымдар бою сыналган нугун өзгөртүүгө багытталган аракеттерди анча жактыра бербейт. Ак таңдай акын Байдылда Сарногоев айтылуу «Мидинге кат» деген классикалык поэмасында Сүйүнбай Эралиевдин эксперименттери тууралуу:

Адегенде уйкашсыз
«Ак ырды» Сүкең баштады.
Кээ бирөө аны туурайм деп
Келесоо боло жаздады…
Ачыгын айтсам, Мидике,
«Ак ырың» элге жакпады, — деп кыя чапканы да ушуга байланыштуу. Жолон Мамытовдун ак ырлар менен жасалган эксперименттери анча ийгиликке жетише бербегени ошол кезде эле сынчылар арасында сөз болгон. Фольклордук формада болсо да ошол эле айтыш өнөрү кыргызда сөз эркиндигинин уникалдуу багыты катары эмгиче жашап келатканынын бир сыры да ушул.

Ошондуктан жаңы маданий агымдарды, багыттарды талдаганда элдин мындай узак тарыхый сындан өткөн эстетикалык табитине айып коюу туура эмес. Аны “алдыга кеткен” же “артта калган” нерсе катары көрсөтүү да жасалма түшүнүк, маданияттагы компрадордук позициянын бир түрү. Өзөгүнө жакын нерсени кыргыз окурмандары кабыл алып эле келген. Буга Табылды Мукановдун, Медетбек Сейталиевдин “сынган саптары”, бир топторунун улуттук өзөктөн анча алыстабаган, мазмуну терең ойлорду эркин, бирок ички ыргагы бар формалар аркылуу берүү аракеттери өз окурманын тапканы жакшы далил.

Бул жагынан аудиториянын табити менен өнөр ээсинин алакасы чебер ашпозчу менен сый тамакка келген адамдардын мамилесине окшоп кетет. Калемгер өзү үчүн жазганы – ашпоз өзү үчүн тамак жасап, өзү жеген менен барабар. Аны жарыкка чыгармайынча акын же жазуучу эмне жазса деле өз эрки. Бирок жарыкка чыгарары менен автор ошентип тамак жасап, анысын сынга коюп элди да дасторкон үстүнө чакырган ашпоздун ролуна өтөт. Мындайда “менин айтайын дегеним тигиндей эле, түшүнбөй коюшту” деген туура эмес. “Мен ушундай көрөм, чыгармачыл позициям ушул, аны түшүнбөсөңөр – силер түркөйсүңөр” деген кеп – “мага ушундай даам жагат, силер тамактын даамын билбейт экенсиңер” деп дасторкон үстүндөгүлөрдү айыптаганга тете.

Мында кыргыз окурманы көнүп калган, талап кылган уйкаш жана ыргак чеберчилиги – ошол чыгарманы таш чайнагандай кылбай, сиңимдүүлүгүн арттыруунун жолу. Албетте, ага чоң эмгек жана кылдаттык талап кылынары талашсыз. Дегеле поэзия тирүү турганда уйкаш менен ыргактын ролу эч качан таптакыр жок болуп кетпейт.

Бирок ар бир даамдын күйөрманы болгон сыяктуу эле ар бир чыгармачыл форманын окурманы, угарманы табылары чын. Азыр кыргыз ашканасынын ассортименти кеңейип, жалаң эле бешбармак жей бербей, мантуу, палоо деле жеп калбадыкпы. Бул жагынан алганда ошондой жаңычыл агымдарды карманган авторлордун жараткан чыгармалары элге канчалык даражада сиңимдүү болот деген талаш-тартыштар али алдыда. Канчалык даражада элдин жүрөгүнөн түнөк табары, анын күйөрмандары кимдер болору биз али билбеген, абдан көп факторлорго жараша аныкталат.

Ошондой эксперименттердин бири – акын Марат Токоевдин 2021-жылы жарык көргөн “Сүртүмдөр” ырлар жыйнагы. Автор бул китебинде кыргыз поэзиясын биринчи иретте жапон жана башка Чыгыш элдеринин эстетикасына жакындаткан. Ал канчалык даражада жемиштүү болгонун айтыш үчүн акындын жүрөгүнө жакын жапон поэзиясынын айрым өзгөчөлүктөрү тууралуу азыноолак түшүнүк бере кетүү зарыл.

Жапон поэзиясында сөздүн көнүмүш маанисинде уйкаш жок. Буга жапондордун чоркоктугу же кесири эмес, тилинин өзгөчөлүгү себеп болгон. Антсе да биринчиден ички ыргак, экинчиден сөздөрдүн мааниси менен ойногон чеберчилик, үчүнчүдөн дзен жана синтоизм багытындагы эстетика бар.

Дзен деген эмне? Буддизмдин бир бутагы катары эсептелген бул окуунун мазмуну тууралуу узун сабак кеп кылса болот. Бизди кызыктырганы – анын эстетикасы турмушту дал өзүндөй, эч кандай кооздобостон кабыл алып, ошондон ырахат алууга үндөйт. Жаратылыштын өзүнөн, жөнөкөй нерселерден улуу ачылыштарды байкаган, “мына сага, өмүр бою издесем жанымда эле турбайбы” деген маанайды даңазалайт.

Демек, автордун:

Басёнун каргасындай жалгыздык
Шоңшойот жан дүйнөмдүн багында,
Жылаңач бутактары каржайып,
Суналган суз асмандын алдында, — деген саптарын түшүнүш үчүн Басёнун Акылбек Жуманалиев которгон:

Молойгон бутакта
Отурат жалгызсыраган карга.
Күзгү кеч, — деген хоккунун маанайын сезиш керек болот. Ошондо автордун “Жалгыздык” аттуу ырындагы:

Асман бетинде сейилде
Ай орогуна илинип
Араң бошонду ак булут.

Улам-улам жолду карайм.
Көрүнбөйбү бир караан?
Кимди күтөм? Өзүм билбейм.

Өзүмдү өзүм алдап келем.
Үмүт менен жашап келем.
Неге күтөм? Өзүм билбейм.

“Эмне” эмеспи “Ким” дегеним?
Чын элеби деги менин
Күткөнүм бул? Өзүм билбейм, — деп үч саптарга эмне үчүн ыктаганы түшүнүктүү боло баштайт.

Ал эми синтоизм – Жапониянын байыркы дини. Кыргыздардын да ушул күнгө чейин жашап келаткан эзотерикалык түшүнүктөрүнө үндөш бул дин ар бир нерсенин жаны бар деп эсептейт. Синтоизмдин этикасы кенедей кумурскадан тартып эбегейсиз тоого чейин жандуу-жансызга тирүү, аң-сезимдүү нерседей мамиле кылууну талап кылат. “Чөптү кордосоң көзгө зыян” деген принципти түшүнгөн кыргыздар үчүн бул этика негизинен тааныш. Анын эстетикасы да ушундан келип чыгат: таштан баштап чөпкө чейин ар бир нерсе СЫЙГА жана суктанууга татыктуу. Жапон синтоизми менен кыргыз таанымынын үндөштүгү ушунда: адам – аврамисттик диндер айткандай Жаратылыштын ээси эмес, анын бир бөлүгү:

Мен өлгөндө жер болом,
Азык болом эң сонун
Курт-кумурска, чөптөргө…
Аз болсо да бул нерсе
Азайтаттыр күнөөмдү –
Курт-кумурска, чөптөрдүн
Жандары үчүн мен кыйган
Билип-билбей тирүүмдө.
(Марат Токоев)

Өткөндө акын Толук Бек Байзактын “Көчмөн дүйнө” ырлар жыйнагына карата макалада Аккан Суунун ошол контексттеги эки өңүтү – Деңиз жана Ысык-Көл тууралуу кеп кылдык. Кызык жери, жапон поэзиясы кайсы бир кубулушка эмес, анын деталдарына көбүрөөк көңүл бурат. Хокку, хайку жазган акындардын көбүнүн чыгармаларында сууга байланышкан негизги объект – учу-кыйыры жок деңиз же ээ-жаа бербей шаркырап аккан дайра эмес.

Тыптынч жаткан көлмө же тамчы.

Эч кайда шашпаган, жымжырттыктан ырахат алып, тамчынын доошунан өмүрдүн кайталангыс жалгыздыгын, аялуу абалын көргөн бул сүкүт жапон поэзиясына абдан терең из калтырган.
Ошондуктан Сагын Акматбекованын керемет котормосундагы:

Ыргыды бака көлмөгө.
Чачылып кетти жымжырттык
Тунжурап жүз жыл турду эле, — деген Басёнун поэзиясы – күтүүсүз жерден көздү чайыттай ачкан дал ушул дзен эстетикасынын жемиши. Марат Токоевдин бул жыйнактагы:

Сууга чөккөн таштай чөгүп кетемин,
Убакыттын ой талыткан мейкинине.
Бул дүйнөдө “узак” жашап келгеним
Араң жарайт бир гана “чулп” эткенине, — деген саптары да ушул маанайды мезгил категориясына акцент коюп чечмелөө аракети.

Суу демекчи, дегеле Аккан Суу – жалпы Чыгыш философиясынын квинтессенциясы. Баарына ат коюп, катар номерин берип, санап, бир калыпка салып чыккан Батыш усулунан айырмаланып, Чыгыш адамы үчүн бир тамчыга экинчисин кошсо эки тамчы болбойт. Бир эле чоң тамчыга айланат…

Формаларды бири-бирине ооштуруп, форманы мазмунга, мазмунду формага өткөрүп турган кубулуш да суунун абалы. Буга келгенде жапон поэзиясында синтоизмди дзен философиясынан бөлүп кароо мүмкүн эмес. Экөө эриш-аркак болуп ыктуу кийишип калган. Сууга түшкөн ташпы, ага секирген бакабы, тамган тамчыбы – бир эсе сууну жандуу нерсе катары көрсө, бир эсе учурдун баалуулугун сүрөттөөнүн ыкмасына айланат.
Сөз болуп жаткан китептеги “Жалбырактар” аттуу ырда:

Айылдын эрке иттериндей
Ойношот кубалап машинелерди
Шаардын көчөлөрүндө, — деп кадимки эле бут алдыбыздагы жалбырактар кыска, бир шилтем менен мүнөздөлгөнүн, ошол эле учурда бир жандуу экинчи жандууга салыштырылганын байкасак болот.
Автор өз жыйнагында бирде жанында турган итке, короодогу бакка, асмандагы булутка же жердеги көлчүккө карата ой жүгүртүп эле тим болбостон, аларга тирүү жан катары кайрылат же жан тартат. “Короодо өскөн жалгыз даракка” деген ырында ал:

Төрт тарабың сенден бийик дубалдар,
Күн шооласын тоскон сага жеткирбей.
Жалдырайсың аянычтуу, жетимдей –
Эч бир жан жок бул капастан куткараар.

Курчоосунда муздак бетон дубалдын
Элестеткен тунжуроонун эзүүсүн
Жалгыздыктын символунун өзүсүң
Катып калган тиктеп бетин асмандын, — деп бактын абалын тирүү жандын абалына салыштырат. Же кадимки эле биз көрүп жүргөн көлчүккө кылган мамилеси башкача:

… Асмандын үзүктөрү
Карарып жерде жатат.

Эмнеге ал умтулду
Жаан болуп төгүлүүгө?
Тапканы — адам буту
Санаа салган көңүлүнө.

Ырас, кыргыз поэзиясы тээ илгерки төкмөлөрдөн бери эле жаратылыштын көрүнүшүн адамдын абалын чагылдырыш үчүн ыктуу пайдаланып келген. Жеңижоктун:

Бакайырда жалгыз тал,
Баласы жок байкуш тал,
Жол боюнда жалгыз тал,
Жолдошу жок байкуш тал, — деп өзүнүн тагдырын жалгызсыраган бакка окшоштурганы армандын классикалык мисалына айланган. Бирок ар бир дарактын өз арманы бар. Ар бир замандын да өз дарагы болот. Жеңижок өзү көргөн жалгыз талды баласыз кишиге окшоштурса, азыркы бетон дубалдын курчоосундагы дарак бизге замандаш адамдардын абалын элестетет.

Марат Токоевдин адамдагы ички маанайды берген ыгында да кыргыз кыртышындагы реалдуулукту көөнө жапон поэзиясынын каражаты аркылуу туюндуруу аракети байкалат.

Кышкы түндүн жанды талыткан
Узактыгын мурда сезбепмин.
Бош ордуңду колум сыйпалайт, — деген турмуштук психологизм бир эсе жапон хоккуларында көп айтылчу “жеңи көз жашынан суу болгон” ашыктардын ашкере сентименталдык абалын, бир эсе Кыялбек Урманбетовдун ажайып котормосундагы Баба Тахирдин:

Ойдо калар эстен кетпес ошо күн,
Оо, мас кылган олоң чачың, кош өрүм!
Түндө жатсам элесиңди кучактап
Эртесинде гүл жыттанат төшөгүм, — деп гениалдуу кынапталган саптарында айтылгандай абалдын бир өңүтүн “кыргызча” берип, жөнөкөйлөтүп, ошону менен бирге жанга жакындыгын тереңдетет.

Бул жыйнактагы ойлор да бирдиктүү, тегиз, чеберчилик менен жышылган ойлор эмес, жаратылышта таштардын өзү кандай болсо ошондой, табигый, жылт эткен маанай жана мазмун үзүндүлөрү. Маанай ойго, ой маанайга чөгөрүлгөн. Бирок шакекке салчу таштай өгөөлөнүп, тегиздетилип отурбастан кандай болсо ошондой калтырылган. Балким ошонусу менен баалуу.

“Мекениңе кайт”, — дейт Улуулук.
Бирок кантип ага жете алам?
Өжөр жаным алсыз умтулуп
Көк асмандай болду көк ала.

Байкалып тургандай, бул саптарда адам мекенине кайтышы маанилүү экенин Улуулук өзү сүйлөп турат. Адамдын жаны өжөр, бирок күчү жок тура! Көк асманды биз чексиздиктин, улуулуктун жышааны, Теңирдин өзүнөн келген символу катары көрөбүз, бирок анын ала булут баскан абалын да аянычтуу нерсеге салыштырса болот экен. Ал эми төмөнкү ыр – өңчөй салыштыруулардан турган сүрөт:

Жер өлүктөй кепинделген ак карга.
Күн араң жан боз асманда үлбүрөйт.
Дарак суроо белгисиндей, а карга
Бутагында үтүр болуп үргүлөйт.

Бирок дүйнө издегенин акыры
Кубанычсыз бул суздуктан тапкансып
Мемиреп тынч. Айлананын ак ыры
Уйку менен дүйнө бетин жапкансыйт.

Каргалар үтүргө окшоп, жер кар менен кепинделип калган бул ырда жалаң табият тирүү жан катары каралса, адам менен табияттын ажырагыс байланышы бул китептеги “Кыш жана жаз” аттуу ырдан даана көрүнөт:

Кары кыштын алы жок алышканы –
Денесинде аз калган агыш каны.
А жаз болсо селкидей кыткылыктап
Кары кыштын намысын кытыгылайт.

Бушайманмын, өзүмө түшүнө албайм.
Ойлор жана сезимдер башаламан –
Кары кыштын демин таап жүрөгүмдөн
Жаздан коркуп, кайрадан жазды күтөм.

Мында алы кетип, “агыш каны” аз калган кыш да, селкидей тамашакөй жаздын намысты козгогон ойнооктугу да, ошол эле учурда лирикалык каармандын “жаздан коркуп, кайрадан жазды күткөн” эки анжы абалы да — баары бар. Аныгында мындай абалдын сүрөттөмөсү кыргыз окурманына, кеңири масштабда карасак дегеле кайсы окурманга болбосун чоочун эмес. Орто жашка келгенде көп эле киши кыштын демине көнүп, жаздын дымагынан чочулап калса керек. Айтса-айтпаса төгүнбү? Кайра эле ошол кайран Өтө Жеңижоктун:

“Кырда болот кызыл таш,
Кырктын өзү кыйла жаш.
Кыйла да болсо азсынат,
Кыялында жашсынат”… – деп баштаган ыры нак турмуш чындыгы эмей эмне? Ушундан улам, китептеги саналуу ашыктык ырлары да өтө лирикалык көтөрүңкү маанайда эмес, турмуштун жүгүн сездирип, тагдырдын мыйзамын, жолдун узактыгын, учурдун кылчайбаган кымбаттыгын, ошону менен бирге эле аяр сезимдин баалуулугун баса көрсөтүп турат:

Көздөрүң сенин – Жашыл арал,
Бейиштин төрү жомоктогу.
Тескери согуп тагдыр-шамал,
Отуз жыл сага жолотподу.

Адаштым башка аралдарда,
Чачылдым, сындым, кетип кейпим.
Издөөдөн сени чарчаганда
Капыстан сага жетип келдим.

Тескери соксун тагдыр-шамал –
Кайрууга болбойт жоголгонду.
Кыялда калсын Жашыл арал,
Бейиштин төрү жомоктогу.

Жалпысынан Чыгыштын мыкты адамы чыдамкай болот. Эмгектин эң оорун тандап, оңой жагына качырбай баары үчүн жоопкерчиликти мойнуна алып, өмүрдүн өтүп баратканын кээде гана бир жылт эткен ирмемдерден байкайт:

Билесиңби, мен көнүпмүн
Баш көтөрбөй жашаганга.
Жаз келгенин билдим бүгүн
Нөшөрлөгөн жаан жааганда –
Тамчылары алма-өрүктүн
Бариктерин күбүп бүтүн
Бут алдыма таштаганда.

Жапонияда Рёандзи храмы аттуу храм бар. Анда 15 таш жайгашкан. Келген адамга дайыма анын 14ү көрүнүп, бирөө көрүнбөй калат дешет. Ал таштардын табигый формасын эч ким бузган эмес, тек кам көрүп гана коюшкан. Азыркы имараттарга жумшалган таштар көбүнчө зымырайып түздөлүп, бир стандартка салынган болсо, байыркы бир топ сепилдердин таштарын адамдар бири-бирине эптүү жалгаштырып, ошону менен ушул кезге чейин урагыс чептерди курушканы көрүнүп турат.

Ошондуктан баштапкы турпаты бузулбаган, кадимки таштардын бетиндеги жаан тамчыларындай жапайы, табигый эстетиканы көргүсү келген, шашылышы жок, шурудай тизилген системага эмес, деталдарга үңүлгөн окурмандар бул китептен өзүнө ылайык эстетикалык ырахат ала алат деп ойлойм. Ал эми жалпы кыргыз поэзиясына канчалык сиңээрин, кайсы жерине кандай из калтырарын Аккан Суудай болгон турмуштун өзү көрсөтмөкчү.

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ,
19.02.2022, Стамбул

________________

Китебиме кызыккандар болсо аны учурда “НУСКА” китеп дүкөнүн сатып алсаңар болот. Баасы – 200 сом.

Кол тамгасы менен алгысы келгендер мага чалыңыздар – 0777 45 10 83.

Бөлүшүү:

1 thought on “Жыргалбек Касаболот: Таш бетиндеги тамчылар/ Акын Марат Токоевдин чыгармачылыгына сүртүм”

  1. Акындын образын, ой толгоолорун, жашоо образын таамай ачып берген экен.

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.