DOLON MEDIA

Нарын: Куткаруучулар адамдын жансыз денесин муз алдынан алып чыгышты


Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосундагы алтын кен комбинатында иштеген  31 жаштагы Ж.Анын сөөгүн куткаруучулар муз астынан алып  чыгып, ички иштер органдарына өткөрүп беришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык  комбинаттын жумушчусу 5-апрелде жүк ташуучу унаа менен сууга түшүп кеткен.

Кырсык катталган жерде ӨКМнин Нарын облустук башкармалыгынын, шаардык жана Нарын, Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар  бөлүмүнүн суучул- куткаруучулары куткаруу иштерин аткарышты.  Алардын тынымсыз аракетинен соң 7-апрелде саат 09:12де жогоруда аталган жарандын сөөгү муздун астынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.