DOLON MEDIA

Нарын шаарынын мэри менен шаардык салык кызматынын башчысы жоопко тартылды

Нарын шаарынын мэрине менен шаардык салык кызматынын башчысына 10 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу 17-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы “Долон Медиага” билдирди.

Мекемен маалыматына ылайык, мындай чечимди облустук прокуратурасы Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевди жана салык бөлүмүнүн башчысын Салык кодексинин ККМ колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жетишерлик деңгээлде жүргүзбөгөндүгү үчүн кабыл алган.

 «“Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 435-беренеси (“Кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуусу”) боюнча жоопко тартып, 10 миң сомдон айып салды», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 12-мартта Нарын шаарында ишкерлер көзөмөл кассалык-машиналар (ККМ) жана жол кыймылындагы жаңы айып пулдарга каршы митингге чыгышкан. Акцияга чыккан эл менен президент Садыр Жапаров жолугуп, көзөмөл кассалык-машиналарсыз салыктар толук түрдө чогулбай жатканын билдирип, түшүндүрүү иштерин жүргузгөн.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.