DOLON MEDIA

«Нарын суу-канал» ишканасынын директору болуп Айбек Орозобаев дайындалды

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевдин буйругуна ылайык, «Нарын суу-канал» ишканасынын директору болуп Айбек Орозобаев дайындалды.

Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жаңы жетекчини эмгек жамаатына шаардын мэри Канболот Тутуев тааныштырды.

Буга чейин бул кызматты Сарбагыш Эсеналиев жетектеп келген. Ал өз арызынын негизинде кызматтан бошотулду.

Айбек Орозобаев ким?

41 жаштагы Айбек Орозобаев Нарын шаарында туулган. Ал Нарын мамлекеттик университетинин Финансы кредит адистигин бүтүрүп, кийин IT адисин окуган.

2003-2008-жылдары Нарын райондук социалдык жактан коргоо башкармалыгында башкы адис болуп иштеп, 2008-2009-жылдары Нарын жылуулук берүү ишканасында башкы эсепчи болуп иштеген.

Ал эми 2009- жылдан 2010-жыл аралыгында “Кара-Кече” көмүр мамлекеттик ишканасынын Нарын облусу боюнча директору болуп эмгектенген.

 Орозобаев  2010-2013-жылдары Нарын шаардык жашылдандыруу ишканасынын директору, 2013-2014-жылы Таза Нарын ишканасында жетекчинин орун басары болгон.2014-2017-жылдары “Нарын суу каналдар” ишканасында акимдин орун басары, башкы инженер болуп иштеген.

Ал эми 2017-2018-жылы болсо өзүнүн жеке «Агынай транс» фирмасында иштеп, 2018- жылы мамлекеттик кызматка кайтып келген. 

Ал 2019-жылы Нарын шаардык «Жашылдандыруу» ишканасында башкы агроном, жетекчинин орун басары болуп эмгектенип келе жаткан.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.