DOLON MEDIA

Эски күмбөздөрдүн орду жашылдандырылат


Жазгы жашылдандыруу иштеринин алкагында Нарын шаарындагы МДС, РТС жана Ак-Коргон чөлкөмүндөгү эски күмбөздөрдүн ордуна бак-дарактардын көчөттөрү тигилет.

Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы жакынкы күндөрү калаада  жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери башталаарын билдирди. Белгилүү болгондой жазгы жашылдандыруу жумуштарынын алкагында 10 миңден ашык бак дарактардын көчөттөрүн отургузуу пландалууда. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттин, демөөрчүлөрдүн эсебинен ийне жалбырактуу жана мөмө-жемиш бактарынын көчөттөрүн алуу аракеттери ишке ашууда.

Жашылдандыруу иштеринин алкагында МДС, РТС жана Ак-Коргон  аймагындагы эски күмбөздөрдүн ордуна да көчөттөр отургузулат. Бул боюнча аймактын тургундары менен Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевдин жолугушуусунда пландалып, атайын эрежелерин аткаруу менен жашыл аймакка айландыруу сүйлөшүлгөн.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.