DOLON MEDIA

Нарын: “Өз билемдик менен үй куруп алгандар жок”-С.Белекова


КР “Жер укуктук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Нарын районундагы 15 айыл өкмөтүнөн 311,3 гектар жер аныкталган. Аныкталган жер аянттарына 345 турак жай курулуп, 4 турак жайдын пайдубалы түптөлгөн. Бул тууралуу Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын  Экономиканы өнүктрүү бөлүмүнүн башкы адиси Салтанат Белекова билдирди. Анын айтуусунда, бул жарандар  турак жайларды өзү билемдик менен куруп алгандар эмес.  Аларга айыл өкмөттөрдөн турак үй курууга токтомдор чыгып, системдик каттодон өткөндөн соң салынган. Болгону жерлер убагында трансформация болбой  калктуу конуштун ичинде эмес  айыл чарба багытында калып калган.

“Район боюнча комиссияга 200 арыз түшкөн. Мунун ичинен Казан-Куйган, Миң-Булак жана Эмгекчил айыл өкмөттөрүнөн  49 арыз ээлеринин корутундулары айыл өкмөттөрүндөгү көрүнүктүү такталарына илинип, социалдык тармактарына  жарыяланып, башка тараптардан даттануулар болбогон соң Эмгекчил айыл өкмөтүнөн 15 мунапыс обьектилерине мамлекеттик акт берилди.  Алдыда Казан-Куйган айыл өкмөтүнөн 27, Миң-Булак  айыл өкмөтүнөн 12 жарандын аразы каралып бардык корутундулар алынып, учурда  жер долбоору даярдалып атат, жакында кызыл китептери берилет. Ал эми 185 жарандын  арыздары  комиссия тарабынан каралып, жобого ылайык  алты мамлекеттик органдын изилдөөсүнө жиберилген. Учурда археологдун гана корутундусу калды. Алар келип турак жайлар жайгашкан жерде тарыхый мурастар жок деген корутунду беришсе, аларга дагы кызыл китеп берүүгө даярбыз”,-деди С.Белекова.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.