DOLON MEDIA

Нарын: Өрнөк айылында Кыргызстандын Туусу көтөрүлдү

Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу Өрнөк айылында КР Туусу  салтанаттуу көтөрүлдү. Салтанатка облус башчынын орун басары Адыл Сапаров, район акими Нуридин Мадимаров, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, айыл өкмөт башчылары жана жеке ишкерлер катышты.

Бийиктиги 30 метрди түзгөн флагшток Миң-Булак, Өрнөк жана Куйбышев айылдарынын жашоочуларынын демилгеси менен орнотулуп, жалпы 500 миң сом сарпталган.  Айланасына орундуктар орнотулган. Жаз алды менен көчөттөр тигилип,  тегерек-четин жашылдандыруу иши колго алынат.

Кыргызстандын байрагы айылдын көркү болуп  дайым көккө желбиреп турсун деген тилек менен айылдын кире беришине орнотулганын айыл тургундары билдиришип, бул демилгенин  башында мурдагы айыл өкмөт башчысы  Курманбек Кудайбергенов тураганын баса белгилешип, ага ыраазычылык айтышты.

КР Гимни жаңырып облустук, райондук бийилик өкүлдөрүнүн катышуусунда Туу көтөрүлүп, Туубуз желбиреп өлкөдө тынчтык болуп, өнүгө берүүсү тилек кылынды.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.