DOLON MEDIA

Нарын: Элетте Коомдук алдын алуу борбору ишке берилди

Миң-Булак айыл аймагына караштуу Куйбышев айылында Коомдук алдын алуу борбору (КААБ) ачылды. КААБдын  курулушу  “Эл аралык толерантуулук үчүн” коомдук  фондунун жана  Эл аралык  Saferworld (Сейферуорлд) уюму биргелешип ишке ашырып жаткан  “Милиция, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калктын ортосундагы  социалдык кызматташтыкты күчөтүү” долбоорунун алкагында  АКШ элчилигинин колдоосунда ишке ашырылган.  Анын курулушуна айыл өкмөттүн өнүктүрүү фондунан 1 миллион 450 миң, долбоор тарабынан 400 миң сом сом бөлүнгөн. Мындан тышкары  361 миң 99 сомдук  КААБдын иш ордуларын жасалгалоо, кеңсени техникалар, эмеректер менен жабдуу жумуштары долбоор алкагында жасалган.

“Эл аралык толерантуулук үчүн” коомдук  фондунун өкүлү Роберт Абазбековдун айтуусунда, аталган долбоор Кыргызстандын бардык аймактарында иш алып барып,  жергиликтүү деңгээлдеги кылмыштуулукту, чыр-чатактарды алдын алуу жана милиция менен калктын  ортосундагы байланышты өнүктүрүү максатын көздөйт.  Бул багытта өлкө боюнча 50 Коомдук алдын алуу  борборлору менен иш алып барышууда. Анын 20дан ашыгын капиталдык ремонттон өткөрүшсө, 20га  жакын КААБдын имараттары жаңы курулган.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.