DOLON MEDIA

“Аруу тилек” кризистик борборунда алты бала убактылуу баш калкалоодо  


Нарын облусу боюнча үй-бүлөлүк зордук зомбулукка кабылган балдар менен аялдар Нарын шаарындагы  “Аруу тилек” кризистик борборуна келип убактылуу баш калкалашат. Борбордун  иши өткөн жылы каржылоо жоктугунан толугу менен топтоп калган. Бирок ага карабастан 36 адамды кабыл алышкан.

“Борбордо бардык шарттар болгондуктан  зомбулукка кабылган балдарды жана  аялдарды кабыл албай коюуга мүмкүн болгон жок. Себеби облуста бизден башка кризистик борбор жок. Ушул жерге келген балдарга, аялдарга Нарын шаардык мэриясынын жардамы менен тамак-ашы үчүн 300 сомдон каражат берилип турду. Кызматкерлерибиз айлык акы албастан иштеп беришти. Былтыр жалпы 36 адамды кабыл алдык, мунун ичинен 17 си энелер, калгандары бир жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр болду. Келген жарандарды 10 күндөн төрт айга чейин карап берип аттык”,-деди борбордун жетекчиси Жылдыз Капарова.

Азыркы учурда үй-бүлөлүк чыр-чатактардан улам зордук зомбулукка кабылган аялдар менен балдар көп болуп жаткандыктан  кризистик борборлордун иштеп, мамлекет тарабынан республикалык деңгээлде каржыланып туруусу маанилүү дешет адистер. Себеби, борборго  облустун бардык райондорунан келишет. Өткөн жылы Баткен облусунан да келип баш калкалагандар болгон.

Кризистик борбор 2014-жылы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция  министрлигинин мамлекеттик заказ жөнүндөгү долбоору аркылуу ачылган. Андан бери жети долбоор каржыланып,  иштегендердин эмгек акысы жана балдардын тамак-ашына каражат бөлүнүп келген. Бирок өткөн жылы каржылоого кирбей калган.

Ал эми быйыл кайра  аталган долбоор менен каржылоого алынып, жыл башынан бери каражат бөлүнүп жатат. Учурда 6 бала убактылуу баш калкалоодо.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.