DOLON MEDIA

Нарын: Куйбышевде мык чыгарыла баштады

Миң-Булак айыл аймагындагы Куйбышев айылында мык чыгаруучу цех ишке берилди. Учурда цехкке үч станок коюлуп  60,100, 120 өлчөмүндөгү үч түрлүү  мык өндүрүлө баштады.

Цехтин башчысы, жеке ишкер  Самат Артыкбековдун айтымында, үч станок иштегенде күнүнө 1500 тоннага чейин мык чыгарууга мүмкүнчүлүк бар. Бул долбоор  “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондусунан 3 миллиион сомго каржыланып, керектүү станоктор алынган. Ал эми жеке ишкер  500 миң сом өздүк салымын кошуп, имараттын үстүн жаап, ремонттон өткөргөн. Цех  мурдагы кампанын имаратына жайгашкан.

“Базарда мыктын килограммы 120 сомдон  өйдө экен. Биз дүңүнөн  90-95 сомдон  берсек деп сүйлөшүп жатабыз. Сырье катары Кара-Балта шаарынын Россия өндүрүшүнөн чыккан сапаттуу зымдарды алып келип жатабыз. Цехте учурда төрт бала иштеп жатат”,-деди  ишкер.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.