DOLON MEDIA

Өнөр- Мурас кароо сынагынын женүүчүлөрү аныкталды

Кочкор районунда Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдыгына арналып уюштурулган “Өнөр- Мурас” республикалык кароо сынакта улуттук аспаптар боюнча биринчи орунду Ысык-Көл облусунан келген Эрбол Жакшылыков женип алып 25 мин сом менен сыйланды. Улуттук салттуу ырлар номинациясы боюнча Бишкек шаарынын атынан катышкан Акмарал Эркинбек кызы 25 мин сом,  дастанчылык өнөр боюнча Бишкек шаарынан келген Азамат Асанбек уулу табылып 30 мин сом, улуттук кийим боюнча Ош шаары 50 мин сом байгелүү орундарга ээ болушту. Ал эми “Мыкты боз үй” сынагында Ош шаары татыктуу деп табылып 140 мин сом, атайын диплом менен сыйланды. Ушул эле номинацияда Жалал-Абад обулусу экинчи орунду камсыз кылып 90 мин сом менен сыйланышты. Сыйлыктарды Маалымат, маданият, спорт жана жаштар саясаты боюнча минстр Алтынбек Максүтов тапшырды.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.