Миң-Булак айыл аймагындагы Куйбышев айылында мык чыгаруучу цех ишке берилди. Учурда цехкке үч станок коюлуп 60,100, 120 өлчөмүндөгү үч түрлүү мык өндүрүлө баштады.
Цехтин башчысы, жеке ишкер Самат Артыкбековдун айтымында, үч станок иштегенде күнүнө 1500 тоннага чейин мык чыгарууга мүмкүнчүлүк бар. Бул долбоор “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондусунан 3 миллиион сомго каржыланып, керектүү станоктор алынган. Ал эми жеке ишкер 500 миң сом өздүк салымын кошуп, имараттын үстүн жаап, ремонттон өткөргөн. Цех мурдагы кампанын имаратына жайгашкан.
“Базарда мыктын килограммы 120 сомдон өйдө экен. Биз дүңүнөн 90-95 сомдон берсек деп сүйлөшүп жатабыз. Сырье катары Кара-Балта шаарынын Россия өндүрүшүнөн чыккан сапаттуу зымдарды алып келип жатабыз. Цехте учурда төрт бала иштеп жатат”,-деди ишкер.